• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Канттагы базар өрт коопсуздугу талаптарына жооп бербейт

Аймак 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Кант шаарынын борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына толук кандуу жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн Мамэкотехинспекциянын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалар министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн машыгууда белгилүү болду.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, машыгууда атайын өрт өчүрүүчү унаа белгиленген өрттү убагында өчүрө алган эмес. Себеби, атайын унаанын кирүүсүнө баш аламан жайгашкан соода жайлары тоскоолдук жаратып, суу топтолуп туруучу түтүкчөлөрдүн иштен чыккандыгы аныкталды.

Мамэкотехинспекциянын Аламедин, Ысык-Ата райондору боюнча аймактык башкармалыгынын адистеринин айтымында, буга чейин Кант шаарынын базарында текшерүү иштери жүргүзүлүп, өрт коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер табылган. Алар соода жайларынын баш аламан жайгашуусу, унаалар кирип чыгуучу жолдордун тарып кеткени жана өрт өчүрүүчү шаймандардын толук эместиги аныкталган. Натыйжада кемчиликтерди жоюу боюнча Мамэкотехинспекция тарабынан Кант базарынын ээлерине эскертүүлөр берилген. Бирок учурда көрсөтмөлөр базар ээлери тарабынан өз убагында аткарылган эмес. Кокус өрт кырсыгы катталып кетсе Кант базарындагы соодагердердин, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралып калуусу мүмкүн экендигин инспекторлор кошумчалайт.

Машыгуунун соңунда аныкталган кемчиликтер боюнча тийиштүү кагаздар толтурулуп, Мамэкотехинспекцкиянын адистери тарабынан базар ээлерин административдик жоопкерчиликке тартуу каралды.

Ошондой эле өрт коопсуздугун камсыздоо максатында Мамэкотехинспекциянын адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргеликте иш алып барып, тез арада базарды коопсуздук талаптарына алып келүүнү мерчемдеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий