• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» китеби түрк тилинде жарык көрдү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул туурасында Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин билдирди.

Анын айтымында, китеп Түрк маданиятынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарыяланган. «Китеп Арстанбек олуянын батасы менен башталат» , - деп белгиледи ал.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов баш сөзүндө түрк калктарынын руханий дүйнөсү, маданияты менен тарыхы илгертен зор кызыгууларды жаратып келгендиги үчүн ТҮРКСОЙ көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, Жогорку Кеңеш депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» китебин өзгөчө жасалгада жана сапатта жарыялагандыгын белгилеген.

Жети бөлүмдөн турган «Кыргыздар» китебинде Кыргыз калкынын жана Кыргыз мамлекетинин тарых-таржымалы, улуттун дүйнөгө, жаратылышка, сөзгө болгон үлгүлүү көз карашы жана мамилеси, карманып келген асыл маани каада-салттары, даңазалуу инсандары, улуттук уңгудагы кийимдери жана курал-жабдыктары ж.б. чебер талданып тааныштырылат.

Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» китеби буга чейин орус, англис, немис, кытай жана араб тилдерине которулуп жарык көргөн. Жаңы жарыяланган түрк тилиндеги китепте алымча-кошумчалар бар. Түрк тилине Каниет Абдыкеримова менен Шаазат Барыктабас которгон.

Пикир

Оставить комментарий