• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Каныбек Исаков Баткен облусундагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн, 12-августта жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча Баткен облусундагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда министр 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыктары, "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына, Алтын сертификатка жетишкен облустун окуучуларына токтолуп, көрсөткүчтүн жакшы экендигин белгиледи.

Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу онлайн режиминде өтүп, бул абитуриенттердин баарына бирдей шарт жаратып, ЖОЖдордогу кабыла алуу комиссияларынын конкурстардын жыйынтыгын тийгизген таасирин жокко чыгарганын билдирди.

Облустук усулдук борбордун директору М.Айжигитова кырдаалга жараша министрликтин жасап жаткан иштерине ыраазычылык билдирип, ЖОЖго онлайн кабыл алуунун алыскы Баткен аймагындагы окуучуларга, ата-энелерге ыңгайлуу болгондугу, кабыл алуу ачык-айкын болуп, коррупцияга бөгөт коюлгандыгын айтты.

Министр жаңы окуу жылына карата педагогдорго окутууну дистанттык түрдө жүргүзүү ыкмалары, онлайн сабактарды даярдоо, видео сабактарды, видео окуу материалдарын, мультимедиялык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарлар өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий