• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каныбек Исаков: Билим берүү тармагындагы абал дыкат талданып чыкты

Билим 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Билим берүү тармагындагы абал дыкат талданып чыкты. Учурда 2020-2030-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана Билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда министр Каныбек Исаков өлкө аймактарын кыдырып, авариялык абалдагы мектептерди жеринен көрүп, таанышып жатканын маалымдады.

Министр белгилегендей, билим берүү тармагын санариптештирүү процесси улантылат. Билим берүү уюмдарына лицензияны электрондук жол менен берүү башталып, мектептерди интернетке кошуу иштери ыкчамдайт.

Электрондук кезек, электрондук күндөлүк сыяктуу санарип технологиялары жайылтылып, «Алиппе ТВ» долбоору колго алынат.

«Мектепке чейинки билим берүү тармагында өсүү тенденциясы бар, бала бакчалар көбөйүүдө. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү колдонуу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүүнү максат кылуудабыз. Бүгүнкү күндө балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 40% түзөт, аны 2023-жылга чейин 80% жеткирүү пландалууда», — деп белгиледи Каныбек Исаков.

Пикир

Оставить комментарий