• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каныбек Исаков Япония элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды

Билим 0

Бишкек, 06.12.19./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Сигэки Маэда япон тилин терең окутуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну активдештирүүгө кызыктар экенин айтты.

Каныбек Исаков министрлик мектептерде көп тилдүү билим берүүгө басым жасап жатканын айтып, япон тилин окутууну өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Тараптар мындан сырткары, билим берүү жана башка тармактарга колдоо көрсөткөн Япониянын гранттык программасынын аткарылышын талкуулашты.

Министр мектеп имараттарынын сейсмикалык туруктуулугу боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий