• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каныбек Исаков: Инклюзивдүү билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Билим 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Инклюзивдүү билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу 5-декабрда билим берүү министри Каныбек Исаков "Жаңырык" тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди, - деп кабарлайт Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Жаңырык" тармагы мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт.

Иш-чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды.

Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин (логопед, атайын педагогдор) даярдыгы, башталгыч билим берүүдөгү мугалимдердин кесипкөйлүгүн көтөрүү жөнүндө сөз болду.

"Жаңырык" өкүлдөрү Билим берүү министрлигинин алдында Инклюзивдик билим берүү боюнча координациялык кеңеш түзүүнү сунушташып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын окуу программасын түзүүгө жардам бере алышарын билдиришти.

Министр тармак өкүлдөрүнө атайын окуудан өткөн мугалимдерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде жумушка орноштурунуу сунуштап, орто, жогорку окуу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө көңүл буруп, инклюзивдүү билим берүүнү өркүндөтүү боюнча конкреттүү иш чаралардын планын түзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий