• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш аяктады

Спорт 0

Бишкек. 29.11.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 65 жаш мааракесине карата уюштурулган оор атлетика боюнча XXXI эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Мелдештин үчүнчү күнүндө медалдар эркектер арасында 6 салмак чени боюнча ойнотулуп, 61 спортчу күч сынашты. Ал мелдеш күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу 102 жана 109 килограмм салмак ченинде биринчи орун алды. Ал эми калган салмак ченинде Казакстандын оор атлетчилери эч кимге мүмкүнчүлүк бербей, медалдын баарын жеңип кетишти.

Мелдештин жалпы байге фонду 320 миң сомду түзгөн.

Жарыштын жеңүүчүлөрүнөн тышкары мелдештин абсолюттук чемпиону да аныкталды. Синклер коэффициенти боюнча абсолюттук чемпион катары КР курамасынын чоюн билек балбаны Бекдөөлөт Расулбеков табылды.

Мелдештин аягында олимпиаданын жеңүүчүсү К. Осмоналиев спортчулар менен күйөрмандарга ыраазычылыгын айтты. “Баарыңарга катышканыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Келерки жылы мелдешке катышкан өлкөлөрдүн саны артат деп ишенем”, - деди ал.

Белгилей кетсек, мелдеш 26-28-ноябрь күндөрү болуп өттү.

Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы:

Эркектер арасында:

81 кг

Оруну

Аты-жөнү

Өлкө

Жыйынтык

1

Бектай Асылжан

Казакстан

329

2

Жаханша Арстанбек

Казакстан

314

3

Сейтказы Эламан

Казакстан

310

89 кг

1

Сейтказы Алишер

Казакстан

332

2

Кенесбаев Ерасыл

Казакстан

309

3

Редикульцев Константин

Казакстан

307

96кг

1

Сагындыков Чыңгыз

Казакстан

334

2

Кенесбек Нуржан

Казакстан

320

3

Галкин Даниил

Казакстан

262

102 кг

1

Расулбеков Бекдөөлөт

Кыргызстан

358

2

Гнутов Герман

Казакстан

303

3

Ахмет Бекнар

Казакстан

295

109 кг

1

Шайнуров Вячеслав

Кыргызстан

310

2

Бекбосын Санжар

Казакстан

273

3

Сембаев Элдар

Казакстан

260

109 килограммдан жогору

1

Еременко Антон

Казакстан

314

2

Колесников Евгений

Казакстан

295

3

Жумадил Марлен

Казакстан

275

Пикир

Оставить комментарий