• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 48-орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат.

Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий