• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын жаңы орун басары дайындалды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, калаанын архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын жаңы орун басары - Молдобасаров Мирлан Камчыбековичти жамаатка тааныштырды. Буга чейин ал пландоо-экономикалык бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген.

Ал бош административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо боюнча сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынды.

Пикир

Оставить комментарий