• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Капоэйра менен машыгуу фитнес клубда машыккандай натыйжа берет

Дүр дүйнө 0


Бишкек, 14.11.17 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. Мушташ өнөрү дегенде дароо эсибизге каратэ, айкидо же ушу өнөрү келет. Бирок өзүңдү коргоону үйрөнүп, денеңди машыктыруу менен бирге афро-бразилиялык музыкалык аспаптарда ойноону, колумбия тилинде ырдоону жана бүтүн маданиятты үйрөткөн “капоэйра мушташ өнөрү” тууралуу көбү биле бербейт.

Капоэйра- бул Бразилиядан чыккан афро-бразилиялык мушташ өнөрү. Бир көргөн кишиге бул бий болуп сезилиши мүмкүн, анткени капуерону музыканын коштоосунда аткарат. Машыктыруучу Жылдыз Сатарованын айтымында, капоэйра - бул мушташ өнөрүнүн өзгөчө жана эң кыйын түрлөрүнүн бири.

“Капоэйрада бир гана физикалык машыгууларды эмес, музыкалык аспаптарды, ырларды үйрөнүү абзел. Мында агрессия жок, биз адамга залака келтирүүгө эмес, тескерисинче өзүңдү карманууга, соккудан буйтап кетүүгө үйрөтөбүз. Бул албетте адамды жөн гана уруп салуудан кыйыныраак, жогорку ийкемдүүлүктү талап кылат. Биз машыгууну мушташ эмес, оюн дейбиз, анткени мында ар дайым позитивдүү маанай өкүм сүрөт. Ар түрдүү адамдар бири-бири менен баарлашып, чогуу ыр ырдашып, ден соолукту чыңдоо менен бирге социалдуу болууга үйрөнүшөт”.

Капоэйра менен машыгуу фитнес клубка баргандай натыйжа берет. Ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасоо дененин ийкемдүүлүгүн өнүктүрөт. Жылдыз айымдын айтымында, капоэйра айымдарга чымыр жана назик дене түзүлүшүн түзүүгө жардамчы болот.

Бул мушташ өнөрүнүн тарыхы да абдан кызыктуу келет.

Кул ээлөөчүлүк доордо Бразилияда Африка материгинен алынып келинген кулдар көп болгон. Эркиндикке чыгууну каалаган кулдар согушуу өнөрүнө машыга башташат. Бирок ар дайым көзөмөл алдында тургандыктан жетишээрлик даярдана албаган. Ошондо алар музыкалык аспап жасап алып, ырдын коштоосунда машыгышкан. Көзөмөлчүлөр эмне кылып жатканын сураганда, “бул биздин улуттук бийибиз” деп отуруп, керектүү деңгээлге чейин даярданып, эркиндиги үчүн күрөшүшкөн. Кийин бул өнөр афро-бразилиялык маданияттын айрылгыс бөлүгүнө айланып, бүткүл дүйнөгө жайылган.

Жылдыз айым 2014-жылы Кытайга иш сапары менен барганда капоэйра менен биринчи жолу таанышып, бул өнөрдү толугу менен багындырган. Бир жылдан кийин кайтып келгенде бул жактан капоэйраны үйрөтүү курсун биринчи болуп ачкан. Азыркы учурда бул өнөр тууралуу коомчулукта көп маалымат жок болгон үчүн анын тобу Кыргызстан боюнча жалгыз болуп саналат.

Азыр Жылдыз айым жаш балдарга 1500 сом, ал эми чоңдор үчүн 2000 сом турган топту бул керемет өнөргө машыктырып келет.

Пикир

Оставить комментарий