• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Каприз” эс алуу борборунда ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды

Спорт 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун “Каприз” эс алуу борборунда ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган оюндар “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” аттуу ураан менен өтүүдө.

Оюндарга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн, КМШ, ШКУ мамлекеттеринен жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген жашы 18ден жогору спортчулар катышат.

Спортчулар 23 спорттун түрү боюнча күч сынашат.

Спорттун түрлөрү:

Көл күрөш, баскетбол, волейбол, гира спорту, дартс, жеңил атлетика, кичи-футбол, таяк тартыш, стол тенниси, аркан тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш, оордуктарды ташуу, кыргыз күрөш, жаа атуу, кум жээктеги футбол, кум жээктеги волейбол, кум жээктеги регби, кум жээктеги күрөш, кум жээктеги самбо, кум жээктеги сумо, алыш, жапырт жүгүрүү.

Пикир

Оставить комментарий