• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары уланууда

Коом 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Сары-Таш-Кара-Мык (98-123-135-чакырымдары), Дароот-Коргон-Чак (2-чакырым) унаа жолдорунда Кулчу кыясында, Жаш-Тилек айылында, Алыштын сайында, Батман көл участкасында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 2017-жылдын 14-февралынан 19-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 14-февралында №4 буюртмасы чыккан.

КР ӨКМнин жетектеген ыкчам тоб менен КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Ош облусунун Мады айылында жайгашкан аскер бөлүгүнөн артиллериялык топ 2017-жылдын 16-февралында артиллериялык эсеп, Дароот-Коргон-Чак-Жаштилек унаа жолунун 98-99-чакырымдарында карды атайын атып түшүрүү иштерин аткарышкан.

Бул иш-чаранын алкагында 15 снаряд атылып, натыйжада көлөмү болжол менен 9450м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Унаа жолду тазалоого №16 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып саат 21:50дө толугу менен тазаланып ачылган.

Ошол эле күнү Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунан Кулчу айылына баруучу унаа жолдун 2-чакырымында (Кулчу кыясында) 3 снаряд атылып, көлөмү 2500м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Унаа жолду тазалоого КР ӨКМнен 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери улантылууда.

Карды атайын атып түшүрүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий