• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кар көчкүнү атайын түшүрүү иш-чарасы башталды

Коом 0

Бишкек, 30.03.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 33-чакырымында карды атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. ӨКМден кабарлашкандай, коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында үстүбүздөгү жылдын 30-мартынан 4-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

“Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Нарын-Торугарт жана Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунда жүргүзүү үчүн, КР ККнын Башкы штабынын 1 артиллериялык эсеби бүгүн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан саат 10:00дө КР ӨКМ ыкчам тобу менен биргеликте жолго чыгышат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий