• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кар көчкүсү мажбурлап атып түшүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Гидрометеорология боюнча агенттиктин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 19-февралынан 26-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Ошого байланыштуу 2020-жылдын 18-февралында КР премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын буйрутмасы чыккан.

19-февралда жалпысынан 3750 куб метр кар көчкү түшүрүлгөн. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн, 20-февраль күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий