• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кар көчкү түшкөн Душанбе-Хожент жолу ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Душанбе-Хожент трассасындагы кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу IRS компаниясынын Тажикстандагы филиалы билдирди.

Тажикстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жолдо 25-февралда жүрүп, жалпысынан 8 саатка жабылган. Жүздөгөн унаалар трассада туруп калышкан. Айдоочулар жолду тейлеген IRS компаниясы көмөк көрсөтпөй жатканына даттанышкан.

IRS компаниясы тараткан маалыматта кар дале жаап жатканы, мындан улам көчкү түшүү коркунучу сакталуу экени айтылат. Акыркы түшкөн көчкүнү тазалоо үчүн 210 даана техника жөнөтүлгөн.

Душанбе-Чанак автоунаа жолу IRS компаниясынын тейлөөсүнө жана көзөмөлүнө 2009-жылы өткөрүлүп берилген. Ошондон бери айдоочулар жол менен пайдаланганы үчүн компанияга акы төлөп келишет. Компаниянын чыныгы ээсин аныктоо боюнча жарандык коомдун буга чейинки көп жолку аракеттеринен майнап чыга элек.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына караганда, Тажикстан Душанбе менен Хоженттин ортосундагы унаажолду реконструкциялоого 296 миллион доллар жумшаган. Бул сумманын 281 миллион долларын Кытай 2% менен 20 жылдык мөөнөткө насыяга берген. Жолдогу курулуш иштери менен Кытайдын жол-курулуш компаниялары алектенген. Трассанын жалпы узундугу 354 чакырымды түзөт. Анда 39 көпүрө жана үч чоң туннель бар.

Пикир

Оставить комментарий