• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кар көчкү жүргөн Жалал-Абад облусунун эки районуна IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында 14-февралда болжол менен саат 12:30да кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива унаасын, бир даана жүктөгүч жана эки даана экскаваторду басып калып, үч киши дайынсыз болууда (1998-жылы туулган К.А. кыргыз жараны, 1978-жылы туулган С.С. жана 1979-жылы туулган Х.Я. аттуу кытай жарандары).

Ошол эле күнү саат 17:30дар чамасында аталган унаа жолдун болжол менен 338-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, натыйжада бир пикап унаасын басып, ошондой эле бир пикап унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам (1956-жылы туулган А.А., 1970-жылы туулган К.Т. – эркек кишилер, кыргыз жарандары жана 1968-жылы туулган Л.З. – кытай жараны) жабыркап, 1987-жылы туулган Л.Д. аттуу эркек киши, кытай жараны дайынсыз болууда.

ӨКМ кар көчкүнүн астында калган төрт жаранды издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. 21-февралда куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок азырынча натыйжа жок.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги астында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, атайын издөө жана темир издөө каражаттары тартылып, издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 8 атайын техника тагыраак айтканда, экскаватор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылган.

ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын адистеринин маалыматы боюнча, болжол менен кар 1,5 млн куб метрди түзөт. Издөө иштери жүргүзүлүп жаткан аймакта кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ага карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.

Ошондой эле техникалардын жардамында унаа жолдун 330-331-чакырым аралыктарында жалпы 7 миң 500 куб метр кар көчкү тазаланган. 21-февралга чейин болжол менен жалпы 178 миң 300 куб метр кар көчкү тазаланды.

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий