• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кар калың түшкөн Чаткалда азык-түлүк жетиштүү

Аймак 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана Чаткал айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 23-февралында Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарында биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш азыктары соода түйүндөрдө канчалык жетишпегенин текшерүү максатында жеринде барып соода жайларын тактоо жумуштарын жүргүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыскача айта кетсек, Чаткал районунун Чаткал айыл аймагы Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдарынан турат. Айыл аймактын калкы 5657 адам.

Тактап айтканда:

- Жаңы-Базар айылында- 2644 адам жашайт, райондун борборунан 25 чакырым алыстыкта турат;

- Курулуш айылында- 1741 адам жашайт, райондун борборунан 32 чакырым алыста;

- Ак-Таш айылында- 1272 адам жашайт, райондун борборунан 50 чакырым алыста турат.

Аталган айылдардагы ички чарбалык автоунаа жол каттамдары ачык жана 20 чакырым алыста турган райондун борбору менен байланышууга толук кандуу шарттар түзүлгөн.

Жеринде сурамжылоо жана тактоо жумуштары жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Жаңы-Базар айылындагы 32, Курулуш айылындагы 8 жана Ак-Таш айылындагы 7 жалпы Чаткал айыл аймагындагы 47 соода түйүндөрүндө ун, макарон, күрүч, май, чай, эт, жумуртка, сабиз, пияз, картошка жана башка күнүмдүк биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш азыктарынын баардык түрү бар жана жетиштүү экендиги такталды.

Пикир

Оставить комментарий