• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен өспүрүм кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Бишкек—Ош унаа жолунун 97-98-чакырымында Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен 15 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, изделип жаткан кыздын сөөгү таңкы саат 06:30дар чамасында туугандары тарабынан табылган.

Эске салсак, өспүрүм кыз Кара-Балта дарыясынын шар аккан суусуна күн мурун түшүп кеткен. Издөө иштерин төрт куткаруучу жана алты суучул тартылган.

Пикир

Оставить комментарий