• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балта мэри 25-августта шайланат

Аймак 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 25-августка белгиленди,- деп билдирди БШК басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, чечим Кара-Балтанын шаардык кеңешинин сессиясында кабыл алынган. Сессияда кеңештин төрагасы болуп Азимкул Боромбаев шайланган.

Шаардык кеңештин төрагалык кызматына 2 талапкер чыккан, “Эламан” партиясынан Т. Суюмбаев жана “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан А. Боромбаев. Шайлоо жабык добуш берүү ыкмасы менен өткөн. Жеңүүчү шайлоодогу 30 катышуучунун 18 депутатынын добушун алган.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса шайлоо өттү деп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий