• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкери $2 миң пара алып жатканда кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.10.22./Кабар/. Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын октябрь айынын ортосунда Чүй облусунун тургуну Тергөө кызматына кайрылып, Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамы пара талап кылып жатканын айтып, тийиштүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арызднуучу мэриянын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганын айткан.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан "Опузалап пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон. Анын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

"Бир күн мурда Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 2 миң доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген. Шектүү К.Т. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенип жатат. Кармалган жаран соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий