• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Балта шаарында батирден бир адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.01.18. /Кабар/. Кара-Балта шаарында батирден бир адамдын сөөгү табылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-январда 18:36да КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Коммунистический көчөсүндө жайгашкан 15-үйдүн, №36 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

“Батирдин ичинде 1961-жылы туулган С.С.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун денеси ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий