• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды. Бул тууралуу Борблордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКдан белгилешкендей, мэрлик кызматка 3 талапкер болгон: “КСДП” партиясынан – Раманкулов Б. С., “Эламан” партиясынан – Сүйүмбаев Т.Б жана “Мекеним Кыргызстан” партиясынан – Шакирбаев Д.Б.

Мэрди шайлоого Кара-Балта шаардык кеңешинин 31 депутатынын баары катышып, Шакирбаев 18 добуш, Сүйүмбаев 13 добуш алса, Раманкуловго эч ким добуш берген эмес.

Пикир

Оставить комментарий