• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балта суусуна агып кеткен 26 жаштагы жаран бир жумадан бери табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. 10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районуда, Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2018-жылдын 17-июль күнү саат 08:30да КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Панфилов райондук №2 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий