• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Балтада 14 жаштагы кыз эжеси менен уруша кетип өз жанына кол салган

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кара-Балтада эжеси менен уруша кеткен 14 жаштагы кыз үйдүн 5-кабатынан боюн таштаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя 19-октябрда болжол менен саат 21:30 чамасында катталган.

Милициядан кабарлашкандай, окуя тууралуу толук маалымат кийинчерээк жарыяланат. Бирок айрым ММКдын маалыматы боюнча кыздын ата-энеси мигранттар. Апасы Түркияда, атасы болсо Россияда.

Пикир

Оставить комментарий