• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Балтада 48 жаштагы эркек кишини башына атып кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 1-декабрда болжол менен саат 07:48де Кара-Балта шаарындагы "Батыш" кварталында башына ок жеген белгисиз адамдын сөөгү табылган. Маалыматты "Кабарга" Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан ырасташты.

Маркумдун өздүгү такталган, ал 1973-жылы туулган Х.И. аттуу жаран болуп чыккан.

Аталган факт Жайыл райондук милициясында "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча каттоого алынган. Учурда окуяга тиешеси бар шектүүлөрдү издөө иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий