• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Балтада 69 жаштагы аялдын сөөгү өз батиринде табылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кара-Балтада 69 жаштагы аялдын сөөгү өз батиринде табылды. Бул туралуу КР ӨКМДин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын 40-лет Киргизии көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

"Батирдин ичинен 1951-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 3 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий