• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Балтада батирден эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кара-Балтада батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын 40-лет Киргизии көчөсүндө жайгашкан №10 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 62 жаштагы К.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий