• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Балтада дайынсыз жоголгон Зумрад Маматкаримова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1986-жылы туулган Зумрад Маматкаримовага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кара-Балтада жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165 см, орто дене түзүлүштө, кой көз.

Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү футболка, ак түстөгү шым.

“Зумрад Маматкаримованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Жайыл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 22-15-58, (03133) 3-51-84,0709759169 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий