• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балтада эне менен уулу киши колдуу болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Кара-Балтада белгисиз бирөөлөр тарабынан эне менен уулу киши колдуу болду. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-июнь күнү болжол менен саат 17:56да Жайыл райондук милиция бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан белгисиз адамдар тарабынан бычак мен кол салуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, Кара-Балтанын чет-жакасындагы дача конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринен беткап кийген белгисиз бирөөлөр анын күйөөсү жана кайын энесин бычактап кетишкен.

Окуя жерине келген милиция кызматкерлери 50-55 жаштагы аялдын жана 25-30 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин көрүшкөн. Эки маркумдун денесинде бычактан калган издер болгон. Алар 53 жаштагы М.С. аттуу жаран жана анын 31 жаштагы М.А. аттуу уулу экени аныкталган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Учурда баардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий