• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балтада үй-бүлөлүк чырдан улам үй ээси батирин өрттөп, кесепетинен бир адам каза болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кара-Балтада үй-бүлөлүк чырдан улам үй ээси батирин өрттөп, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-майында саат 22:48 чамасында Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги батирден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Окуя болгон жерде ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери гана эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер дагы иштешкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда аталган батирде жубайлар жашап келишкен алар, 54 жаштагы С.А. жана 53 жаштагы С.Т., бирок өрт учурунда батирдин ээлери үйдө жок болушкан.

Өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, өрттүн түтүнү жогорудагы батирлерге көтөрүлүп, натыйжада бир батирдин ээси 57 жаштагы Р.Г. көмүр кычкыл газына ууланып реанимация бөлүмүнө жеткирилип, анын коногу 40 жаштагы П.Н. ошол жерде каза болгон (алдын ала маалымат боюнча көмүр кычкыл газына ууланган).

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнин криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл районунун ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан өрт чыккан батирдин ээси 54 жаштагы С.А. кармалып РИИБге алынып келген. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун, айткан , бирок кийинчерээк өзүнүн үйүн үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өрттөгөнүн мойнуна алган. Бардык жагдайлар такталып жатат.

Бул факт Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 135 -беренеси (Шалаакылык менен өлүмгө алып келиши) катталган. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Ал адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өнүдүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий