• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Балтада коомдук тамактануучу жайдагы мушташ учурунда жаш жигит каза болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Кара-Балта шаарындагы коомдук тамактануучу жайдагы мушташ учурунда бир жаран каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 25-январь күнү саат 06:00дөр чамасында Жайыл районунун ИИБге бир нече адамдын ортосунда мушташ чыгып, анын жүрүшүндө бирөө бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Жайыл районунун ИИБине катталган. Окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган, 25-январь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан коомдук тамактануу жайынын кызматкерлери менен ага келген адамдардын ортосунда оозеки чыр чыгып, андан ары мушташка айланганы белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 21 жаштагы Т.Ф. аттуу Кара-Балта шаарынын жашоочусу экендиги такталып, ал буга чейин окуя болгон тамактануучу жайга аз убакыт мурда стажер болуп орношуп, окуя болгон күнү кардар катары келгени маалым болгон.

Жогорудагы окуяга шектүү катары 26 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий