• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Балтада милиция кызматкери өзүн өлтүрүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 04.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кара-Балтада 27 жаштагы Жайыл РИИБнин патрулдук милиция кызматкери ашкана бычагы менен өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.

ИИМдин берген маалыматы боюнча, кечээ, болжол менен саат 8дер чамасында Кара-Балта шаарындагы Коврощик көчөсүндө жайгашкан өз үйүндө 1990-жылы туулган Э.Н. аттуу Чүй облусунун Жайыл РИИБнин патрулдук милиция кызматкери ( ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштейт, үй-бүлөлүү, эки баласы бар) ашкана бычагы менен өз өмүрүнө кол салган.

“Аталган маалымат жубайы тарабынан тастыкталды. Окуя болгон жерден ашкана бычагы, кийими жана башка буюмдар далил катары алынды”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө маалымдалгандай, жубайынын айтымына караганда ал мурда да өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Учурда аталган факты боюнча соттук-биологиялык, медициналык экспертизалар дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүүдө.

ИИМ ошондой эле, аталган кызматкерге белгисиз адам кол салууга аракет кылган деп бир катар ЖМКда жазылып чыккан маалыматты төгүндөдү.

Пикир

Оставить комментарий