• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балтада мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Кара-Балта шаарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Чүй облусунун ИИББинин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү Панфилов айылынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, ал жарандын өздүгү аныкталып, КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кара-Балта шаарынан 27 жаштагы Т.Т. кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда, анын айдап жүргөн автоунасынан “Макаров” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, 5 дана резина огу алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий