• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кара-Балтада окуучуну тепкен мугалимге сөгүш берилди

Коом 0


Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кара-Балтада окуучуну тепкен мугалимге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайы, кечээ, 5-февралда Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу соцтармакта жарыяланган.

Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн чогулуш өткөргөн.

“Биз мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”, - деди Талантбек Арыков.

Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.

Пикир

Оставить комментарий