• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Балтада төрөтканада ымыркай чарчап калып, энеси дарыгерлерди күнөөлөөдө – оорукананын директорунун жообу

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кара-Балта шаарынын төрөтканасында 27нен 28-январга караган түнү ымыркай чарчап калып, ага баланын энеси дарыгерлерди күнөөлөөдө.

Ал социалдык тармактарда жазгандай, курсактагы бала дарыгерлер эч нерсе кылбагандыктан улам тумчугуп калган.

Бул боюнча редакция Жайыл районунун аймактык ооруканасынын директору Роза Алымкуловадан комментарий алды. Анын айтымында, тиешелүү анализдер алынып, Бишкекке жөнөтүлгөн. Азырынча анын жыйынтыктары даяр боло элек.

"Бала өлүк төрөлгөн. Бул маселе териштирилип жатат. Менин оюмча дарыгерлер күнөөлүү эмес. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин протоколуна ылайык аракет кылган. Алар тарабынан эч кандай шалаакылык болгон эмес. Менин билишимче, ал аялда мурда балдары өлүү төрөлгөн учурлар болгон. Балким, баланын өлүмүнө аялдын организминдеги инфекция себеп болгон. Ал түнү дарыгерлер аны жана баланы ар бир эки саат сайын карап турган. Бирок акыркы жолкусунда баланын жүрөгү токтоп калган. Ал тууралуу туугандары укканда, ызы-чуу башталган. Нөөмөттө турган дарыгер аларды тынч болуусун суранган. Ал нерсе алардын ачуусун келтирген. Азыр баланын эмнеден каза болгонун айта албайбыз. Гистологиянын жыйынтыктарын күтүш керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий