• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кара-Балтада турак үйдөн өрт чыгып, аял киши бетинен күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Чүйдүн Кара-Балта шаарынын Ульяна Громова көчөсүндөгү жыгач устунду шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры жана конок бөлмөсү күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы П.Р. аттуу үй ээси (аял киши) бет жагынан жеңил күйүк алган жана тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлдү.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүгө бөлүмдөр тартылган.

Пикир

Оставить комментарий