• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Балтада унаа айдай качууга шектелип 19 жаштагы бала кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кара-Балтада унаа айдай качууга шектелип 19 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 1990-жылы туулган Т.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 5-июнь күнү таңкы саат 06:00 чамасында анын үйүнүн жанында токтоп турган “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки
өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, кылмыштын изи сууй электе 2002-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, автоунааны айдай качкан бала мас абалында болгондуктан жогорку ылдамдык менен баратып, жакынкы светофорлордун бирин сүзүп токтогон.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий