• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кара-Балтадагы "Голден Магнат" ишканасынан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.23./Кабар/. Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында жайгашкан "Голден Магнат" ишканасынан өрт чыккан.

ӨКМден билдиришкендей, кырсык 3-июнда болжол менен саат 22:16да катталган.

Өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, саат 02:00де күйүп жаткан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен кампанын болжол менен жалпы 250 чарчы метр жери күйгөн. Ал эми болжол менен 650 чарчы метр жери өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам сакталып калды.

Ишкананын жетекчисинин маалыматына ылайык, кампанын ичинде 300 кг селитра жана бир тонна каустикалык сода болгон.

ӨКМден жабыркагандар жок экендигин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий