• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Балтага жакын жерде жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында кечээ, 17-февралда болжол менен саат 05:15 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган Mercedes Benz Gigant үлгүсүндөгү унаанын артынан келип сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 6 адам ар кандай жаракат алган. Жерине куткаруучулар келип, унаада кыпчылык калган 2 адамды чыгарышкан. Жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий