• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Балтанын 19 жаштагы Бахтигүл Каликулова аттуу тургуну жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмү Кара-Балта шаарынын 19 жаштагы тургуну Бахтигүл Каликулованы издөөдө.

Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 7-мартында болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 163-165 см.

Кийими: кызыл куртка, күлгүн кофта, кызыл түстөгү шым, жашыл бут кийим.

Милиция кызматы, Бахтигүл Каликулова тууралуу маалыматы барларды Жайыл районунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 22-15-58 жана 0 (701) 00-57-15, 0(557) 09-20-00 же 102 номерлерине чалып кайрылууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий