• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Буура районунда 70 орундуу медресе курулууда

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда 2 кабаттан турган медресенин курулуш иштери аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, медресе 70 адамга ылайыкташып, ичинде окуу жайы, ашкана, дааратканасы дагы бар. Курулуш иштери мындан 8 жыл мурун башталып, каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган эле.

“Бүгүнкү күнгө карата медресенин 80 пайызы бүткөрүлдү. Кудай буюрса 1 айдын ичинде толук аяктоонун алдында турабыз. Эң биринчи максат келечек муунду туура жолго салып, аларга илим үйрөтүү. Бул райондо медресе жок болгондуктан элдин талабы менен башталган иш”, - деди Касым ажы Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий