• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Буура районунда эки унаа кагылышты, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.18. /Кабар/. Кара-Буура районунда “Ауди” жана “Спринтер” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 22-мартта болжол менен саат 01:50 чамасында катталган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, “Спринтер” унаасынын айдоочусуна жеринде медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

Ал эми экинчи унаанын айдоочусун унаанын ичинен алып чыгышып, медициналык тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий