• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Буура районунда заманбап мечит курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда жайгашкан Чоң Кара-Буура айылында “Катар” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен жаңы мечит курула баштады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечиттин курулушуна жергиликтүү айыл эли жана айылдын чет жакта иштеп жүргөн тургундары колдоо көрсөтүүдө.

“Иштин жүрүшүнө жардам берип жаткан жалпы журтчулукка Аллахым ыразы болсун. Ушул салынып жаткан мечитибиз айылга пайдасын тийгизип, келечегибизге жана жаштарыбызга жакшы тарбия жолун ачкан ак жолтой мечит болушуна тилектешмин”,- деди Кара-Буура районунун баш имам хатиби Ислам ажы Куматаев.

Пикир

Оставить комментарий