• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Буура районунун аймагында “Зордук-зомбулуксуз” аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кара-Буура районунун аймагында “Зордук-зомбулуксуз” аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районун ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, милициянын участкалык уполномоченный кызматкерлери жана Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык сектору, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кара-Буура районунун Молдо-Асан айылындагы Б.Шамратбеков атындагы орто мектебинде эл аралык "Зордук-зомбулуксуз" аталышындагы иш-чара бөлүп өттү.

Иш-чара мектептин мугалимдери жана 10-11 класстарынын окуучулары активдүү катышуусунда өттү.

"Ошондой эле уюштуруу жагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү деп белгилеп кетсек болот, ар бир окуучу үчүн эң жооптуу жана көйгөйлүү маселе экендиги баса белгиленди. Иш-чаранын журүшүндө окуучулардын ой-толгоолору жана ой-жүгүртүүлөрү чоң адамдыкындай калыптанып, бир канча суроолорду койуп жана зомбулукту алдын алуунун жолдорун жана шарттарын изденишип, бул көйгөйлүү маселени чечүүнүн аракетин көрүштү.

Ошондой эле тренинг өткөрүлгөн жердин даярдыгы жана окуучулардын “Биз зомбулукка карышыбыз” аттуу темада бир канча ар кандай чагылыштарды көрсөтүү менен тарткан сүрөттөрү адамдын көңүлүн өзүнө бурдурбай койбойт. Эң негизгиси ой жүгүртүү жана ойлоп тапкычтык жактары жогорку деңгээлде экендиги байкалды.", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мындай иш-чара Бакыян айылынын Эшенаалы уулу Сейтбек атындагы орто мектебинин жогорку класстагы окуучулары тарабынан да өткөрүлүп, окуучулардын аң-сезимдери жана зомбулукка болгон көз караштары чагылдырылып, ар кандай ыр саптар менен коштолгон иш-чара уюштурулду.

Андан тышкары, бир канча мектептердин окуучулары зомбулукту алдын алуу боюнча флешмопторду даярдап, уюштуруп, видео аркылуу чагылдырышты.

Пикир

Оставить комментарий