• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Буурада жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кара-Буурада жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол жээгинде токтоп турган оор жук ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 адам жеринде каза болуп, 1 адам ооруканага жетпей каза болгон (өздүгү такталууда).

Жерине 5 куткаруучу тартылып,бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдардын жансыз денелерин тез жардам кызматы алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий