• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, үлүш жерлерди каптады

Аймак 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234 га жерин суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Андан тышкары Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган.

“Жээктерди бекемдөө үчүн атайын техникалар тартылган. Кечээ, 16-арпрелде тартылган күчтөрдүн жардамында, 18 каттам шагыл ташылган жана 60метр узундуктагы суу тосмо орнотулган. Жээк бекемдөө иштери бүгүн улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий