• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Гөө ашуусундагы кырсыктан бир адам каза болуп, төртөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 3-декабрда болжол менен саат 18:00дө Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 73-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) “Тойота Гайя” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 61 жаштагы эркек киши каза болуп, 46 жаштагы эркек киши, 45 жана 25 жаштагы эки аял, 6 жашар бала жабыркаган.

ӨКМдин куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий