• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Көл милициясы тарабынан кыргыз тил күнүнө карата боз үй тигилди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул датага байланыштуу Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан боз үй тигилип, кыргыз тилин даңазалоо иш-чарасы болуп өттү.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тил күнүнө арналган иш-чаранын алкагында атайын топ түзүлүп, ыр сынактар уюштурулду. Ошондой эле макал-лакаптар, кыргыздын улуттук сыймыгы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, көркөм окуу, улуттук бий, оюн-зооктор уюштурулду.

Кара-Көл ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Эрнист Молдокеев кесиптештерин жана шаар тургундарын кыргыз тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин өнүгө беришин каалады.

Пикир

Оставить комментарий