• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Көл шаардык милициясы тарабынан 1,5 тонна кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кара-Көл шаардык милициясы тарабынан 1.5 тонна кара куурай жок кылынды. Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милиция билдиргендей, 3-9-август күндөрү Кара-Көл шаарынын аймагында "Кара-Куурай" аталышындагы ыкчам
иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө 1 (бир) гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынган.

"Аталган иш-чарага коомчулук менен биргеликте жалпы 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.
Кара куурайды оруп жок кылууга катышып жаткан жергиликтүү айыл тургундары мындан кийин да ушул сыяктуу иштерге активдүү катышарын билдиришип, жаштарды
баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоого үндөп кетишти", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий