• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Көл шаарында командалык-штабдык машыгуу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу боюнча 2018-жылга бекитилген даярдык мерчеминин негизинде, 2018-жылдын 25-26 апрели күндөрү Кара-Көл шаарында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун планынын негизинде шаардык жарандык коргонуу кызматтары айгай боюнча чогултулуп, кароолор уюштурулду. И.Раззаков атындагы Кара-Көл мамлекеттик техникалык университетинин окуу корпусунда өзгөчө кырдаалдар учурунда окуучуларды эвакуациялоо темасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.Машыгууга шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, окуу жайда өрт кырсыгы катталган учурдагы окуучуларды эвакуациялоо, өрт өчүрүү, куткаруу иштерин, ошондой эле, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, аларга баа берилди. Машыгуунун жыйынтыгы менен окуу жайдын окуучуларына жана кызматкерлерине өрт коопсуздук чаралары, өрт кырсыгы катталган учурда эвакуациялоону уюштуруу, өрт өчүрүү боюнча баштапкы аракеттер, өрт өчүрүүчү шаймандар менен иштөө боюнча лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүн, 26-апрели күнү Кара-Көл шаарында командалык-штабдык машыгуу улантылууда. Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлерди практикалоо борборунун терапия бөлүмүндө өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдарды эвакуациялоо темасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, оруканада өрт кырсыгы катталган учурдагы адамдарды эвакуациялоо, өрт өчүрүү, куткаруу иштерин, ошондой эле, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, аларга баа берилди.
Машыгуунун жыйынтыгы менен оорукананын кызматкерлерине, дарыланып жаткан адамдарга өрт коопсуздук чаралары, өрт кырсыгы катталган учурда эвакуациялоону уюштуруу, өрт өчүрүү боюнча баштапкы аракеттер, өрт өчүрүүчү шаймандар менен иштөө боюнча лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу боюнча 2018-жылга бекитилген даярдык мерчеминин негизинде аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий